Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан президент, академик Мурат Жуматаев башында турган делегация 2-майдан 4-майга чейин атайын иш сапар менен Өзбекстан Республикасынын илимдер академиясында болду. Өзбекстан илимдер академиясынын президенти Бекзод Юлдашевдин чакыруусу менен барган делегация аталган академиянын Геномика жана биоинформатика борборунун, академик С.Юнусов атындагы Өсүмдүк заттардын химиясы институтунун, Материал таануу институтунун, ...
8.05.2018
Техника илимдеринин доктору, профессор, академик Токтомышев Советбек Жайлообековичти 75 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз! Советбек Жайлообекович 1943-жылы Чүй облусуна караштуу Москва районунун Предтеченка айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы Новосибирск мамлекеттик университетин бүтүргөн. Космостук изилдөө жана атмосфера физикасы тармагы боюнча адис. 200дөн ашуун эмгектин автору. Бишкек Политехникалык университетинде, Кыргыз Улуттук университетинде ...
2.05.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоодогу салттуу музыкалык искусствонун ролу” аталышындагы эки күнгө созулган Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада салттуу музыкалык искусствону изилдөө жана маданият, искусство жана дүйнө тааным маселелерине байланышкан пленардык жана секциялык отурумдар болду. Салттуу музыка күнүнө карата жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ...
24.04.2018
23-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Конрад Аденауэр атындагы фонддун (Германия) Борбор Азия боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Кунцени кабыл алды. Жолугушууда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлуп, долбоорлор аркылуу биргеликте иштешүүгө байланышкан сүйлөшүүлөр жүрдү. КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев кызматташуунун келечеги жөнүндө айтып жатып: ...
23.04.2018