19-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кызыл Армиянын 100 жылдыгына арналган “Кызыл Армия – Кыргызстандагы Совет бийлигинин жеңишинин маанилүү фактору” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чарада Кызыл Армиянын түптөлүшү, ал мезгилдеги коомдук-саясий кырдаал, Совет бийлигин Кыргызстанда орнотуудагы Кызыл Армиянын ролу, өлкөдөгү күч жана укук коргоо органдарынын түптөлүшү жана ишмердүүлүгү, ...
19.04.2018
18-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Улуу манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган “Жусуп Мамай – эки доордун залкар манасчысы” аттуу кереге кеңеш болду. Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, манасчынын небереси Тургунаалы Жусуп Мамай тегин жана манасчынын чыгармачылыгын изилдеген адис-окумуштуулар катышты. Залкар манасчынын өмүр-таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар окулуп, резолюция ...
18.04.2018
Техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Жумабек Тентиевди 70 жылдык юбилейи менен куттуктайбыз! Окумуштуу 1948-жылы Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. 1971-жылы Ленинград (Россия) инженердик-курулуш институтун (ЛИСИ) аяктаган. Эмгек жолун инженерликтен баштап, окутуучу жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде бир нече жылдар бою ректорлук кызматты аркалаган. Илимпоз 125тен ...
17.04.2018
16-апрелде Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил Түмөн) төрагасы Александр Жирков илимий-чыгармачылык иш сапары менен келди. А.Жирковду аталган институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев кабыл алып, институтта жарык көрүп жаткан чыгармалар менен тааныштырып, мекеменин ишмердүүлүгү туурасында баарлашты. Ошондой эле жолугушууда залкар ...
17.04.2018