Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатты КР УИАнын жалпы жамааты уюштуруп, илимий-изилдөө институттары концерттик номерлер аркылуу өз ара таймашышты. Ошондой эле КР УИАнын жалпы жамаатын нооруз майрамы менен куттуктап кыргыз фольклор ырчылары, дастанчылар, комузчулар, акындар жана төкмө акындар өнөрлөрүн тартуулашты ...
20.03.2018
2018-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кыргыз экономика илиминин негиздөөчүсү – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакан Сулайманович Лайлиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-конференция өттү. “Өсүү жана туруктуулук. Узак мөөнөттүү өнүгүүгө багыт” аталышындагы илимий иш-чарада окумуштууну замандаштары, кесиптештери эскерип, экономика илимин изилдөөчүлөр Ж.Лайлиевдин ...
20.03.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (КР УИА) техника илимдеринин доктору, академик Аскар Кутановдун 60 жылдык юбилейине жана илимий ишмердүүлүгүнө 38 жыл толушуна карата видеоконференция өттү. КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев окумуштууну куттуктап жатып: “Аскар Асанбекович илимдер академиясынын эң жаш академиктеринин бири. Анын илимий ишмердүүлүгү Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде ...
19.03.2018
2018-жылдын 17-мартында манасчы Багыш Сазановдун “Манас” эпосунун үчилтигинин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) бет ачары өттү. Иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары, жазуучулар, студенттер, манасчылар, Б.Сазановдун туугандары катышты. Аталган үчилтиктин редактору, академик Абылдажан Акматалиев: – Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория биригип залкар манасчылардын бири Багыш Сазановдун “Манас” ...
19.03.2018