2022-жылдын 17-ноябрында КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту «Кыргызстандын жана чектеш өлкөлөрдүн орто кылымдардагы саясий жана маданий генезиси: жаңыча көз караштар жана изилдөөнүн келечеги», аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны Борбордук Азиялык изилдөөлөр институтунун (МИЦАИ, Самарканд ш.) колдоосу менен уюштуруп өткөрдү. Конференция Борбордук Азиянын орто кылымдардагы тарыхына, булактаануусуна ...
18.11.2022
2022-жылдын 13-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аттестациялык комиссиясы менен биргеликте уюштурган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата “Илим – мамлекеттик тилде” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик ...
14.10.2022
Баткен тарап алоолонуп от жанат, Баатыр элбиз, Мекен коргоп кан тамат. Ар-намыс бар, жерибизди бербейбиз, – Душмандардан өч алабыз талкалап… Башты көтөр, Манас бабам духу бар, Эркиндиктин желбиреген туусу бар. Башкалардын ичи күйүп жетпеген, – Мөңгүлөрдөн агып турган суусу бар. Кимиң барсың Мекениңди сүйбөгөн, Манас духун алга алып жүрбөгөн. Дүнүйөдө ...
29.09.2022
Каза болгондордун туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн трагедиялуу окуялардын натыйжасында жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам берүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы бир күндүк эмгек акысын которду ...
19.09.2022