15-майда Улуттук илимдер академиясында “Ийгиликтүү технопарктар жана мыкты тажрыйба” темасында тегерек стол өттү. Иш-чаранын максаты технопарктарды өнүктүрүүнүн тажрыйбасын бөлүшүү, Кыргыз Республикасында Технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн финансыны тартуу жолдорун талкуулоо. – Биздин институттарда өтө көп иштелмелер бар, бирок алар ишке киргизиле элек. Мына ошол эмгектер Технопарк аркылуу ишке кириши абзел. ...
15.05.2018
8-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагер-окумуштууларын, академик Ильгиз Айтматовду жана академик Бейшен Иманакуновду куттуктады. фото 6 КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө Осмон Тогусаков ардагерлерди алдыдагы Улуу жеңиш күнү менен куттуктап жатып: «Биз сиздерден үлгү алалы жана аны менен кийинки муунга өзүбүз үлгү болгонго аракет кылалы. ...
8.05.2018
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өрт коопсуздугу эрежелери, алдын-алуу жана өчүрүүгө багытталган окутуу жүргүзүлдү. Жогорку илимий мекеменин кызматкерлери өрт белгисинин алдында сыртка чыгышып, окууга карата күйгүзүлгөн оттун мисалында өрт өчүрүүчү баллонду колдонууну үйрөнүштү. Андан сырткары, КР УИАнын Чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн эмгекти коргоо боюнча адиси Нарынбек Сааданбеков кызматкерлерге өрт коопсуздугунун эрежелери, ...
8.05.2018
Кочкор районундагы Белгилүү мугалим, агартуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Көкөбай Мамбеталиев атындагы мектепке жүз элүүдөй китеп тапшырылды. Китептерди тапшырганга окумуштуулар: академик А.Акматалиев, филология илимдеринин докторлору И.Абдувалиев, К.Абакиров, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясындагы котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов барган. – Ал жерде дүйнөгө атагы чыккан жазуучубуз Чыңгыз ...
8.05.2018