Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун жана Япониянын Яманаши префектурасындагы Тэйкё университетинин Маданий мурас институтунун келишиминин негизинде, КР УИАнын жаш окумуштуусу аталган өлкөдөн стажировкадан өтүп келди. 17 күнгө созулган стажировкада илимий кызматкер Эмил Султанов металл жасалгаларынын консервациясы жана реставрациясы боюнча практикалык сабактар менен коштолгон лекцияларга катышты. ...
22.02.2018
20-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кыргыз тилин компьютерлештирүү маселеси жана андагы көйгөйлөрдү талкууга алган жолугушуу болду. Бул тармакта иш жүргүзүп келе жаткан адис, “Тамга-КИТ” программасынын автору Эмил Асанов кыргыз тилин компьютерлештирүүдөгү көйгөйлөр, мамлекеттик тилге тийиштүү дагы кошумча программаларды иштеп чыгуунун жолдору тууралуу айтып берди. 220IMG 8919Учурда ал кыргыз тилинин ...
20.02.2018
15-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйында академик М.Жуматаев КР УИАсы аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана “Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча “Таза коом – жаңы доор” улуттук стратегиясынын” долбооруна салым кошуу максатында кандай иш-аракеттерди жасашы керектигине ...
19.02.2018
5-февралда илимдер академиясында КР УИАнын окумуштуулары “Казакстан Гарыш Сапары” космостук технологиялар боюнча Улуттук компаниянын вице-президенти, космонавт Айдын Аимбетов менен жолугушту. Жолугушууга КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчөсү Осмон Тогусаков, Физика-техникалык жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Аскар Кутанов, Химия-технология, медицина-биология жана айыл-чарба илимдер бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчөсү Исабек Ашимов катышты. Иш-чарада КР УИАнын ...
15.02.2018