17-июнда УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги колдоого алган «Си лабораториясынын» долбоорунун негизинде “Город: Made by…” онлайн-журналынын кезектеги санынын бет ачаары болду. Онлайн басылманын бул саны маданият жана искусствого, көркөм изилдөөлөргө жана коомдук-маданий процесстерди түшүнүүгө арналган. Иш-чара Ботаникалык бакта ачык асман алдында өттү. Уюштуруучулар бет ачаарды өткөрүүдө ...
19.06.2017
Июнь айынын 19нан 22не чейин “Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын маселелери” аталышындагы Эл аралык VII симпозиуму өтөт. Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин институттары уюштурууда. Симпозиумга Кыргызстандын, Россиянын, Япониянын, Кытайдын, Германиянын, Грециянын, Индиянын, Тажикстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары ...
19.06.2017
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңешинде филолог-окумуштууларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен аталган институттун 8 окумуштуусу, ардак грамота менен 18 кызматкери сыйланды. Ардак грамоталар ...
15.06.2017
УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Брнодогу (Чехия Республикасы) Мендел атындагы университеттин доктору Радослав Вылк экстенсивдүү багбанчылык туурасында лекция окуду. Маданий/тарыхый ландшафтта экстенсивдүү түшүм алуу жана ачык асман алдындагы Валаш музейинин мисалындагы маданий мурас катары, тарыхый деп эсептелген данектүү өсүмдүктөрдү Чехия Республикасынын тажрыйбасын колдонуу менен сактоо – лекциянын өзөгүн түздү. ...
15.06.2017