Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүн мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы эки күндүк илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Иш-чараны УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту жана КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуусунун Эл аралык фонду уюштурган. Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору Токтобүбү Дыйканбаева конференцияны ачып жатып, иш-чарага белгилүү окумуштуулар, Кыргызстандын, Азербайжандын, ...
6.06.2017
Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугунун бет ачаары болуп өттү. Көргөзмө менен коштолгон иш-чарага коомдук ишмерлер, илимпоздор, тарыхчылар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери, режиссёр, сүрөтчүлөр, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, жазуучунун бир туугандары жана башкалар катышышты. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн менен чыгышты. УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, ...
6.06.2017
КР УИАда Илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Садырбаевич Джуматаев институттардын директорлору, президиумдун кызматкерлери менен чогулуш өткөрдү. Иш-чарада чарбалык иштер, академиянын финансылык абалы, каражаттардын илимий иштерге бөлүнүүсү жөнүндө маселелер каралды. Катышуучулар атайын эсеп боюнча көйгөйлөр илимий иштерди жүргүзүүгө кедергисин тийгизип жаткандыгын белгилешип, айрыкча чет мамлекеттен илимий максатта, жабдуу алуу ...
6.06.2017
УИАнын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багында “Аракетте болуу” акциясы өттү. Анда Ботаникалык бактын сугат системасы, суу жүрүүчү каналдары тазаланып, шаар тургундары кол кабыш кылууга чакырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган бактын Ресурстук борборунун жетекчиси Дмитрий Переяславский – шаарды жашылдандыруунун климатты жакшыртууга болгон таасирин, бир эле дарак көлөкө кылып гана бербестен, кычкылтек бөлүп чыгарып, ...
5.06.2017