А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстандын окумуштууларынын 1993-жылдан 2000-жылга чейинки диссертациялык иштеринин көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын – коомдук-гуманитардык, медика-биологиялык, техникалык жана айыл-чарба илимдери тармагындагы диссертациялык иштери коюлду. Раритеттик диссертациялык иштердин көргөзмөсү КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 25 жылдыгына карата уюштурулду ...
7.07.2017
Кыргыз Улуттук илимдер академиясында маданияттын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Теңдик Аскаровдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы өттү. Иш-чарада окумуштууну УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Э.Сариева, Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов жана коомдук ишмер Т.Тургуналиев куттуктады. ...
3.07.2017
“Ч.Өмүралиевдин монографияларындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маселелери” аталышындагы иш-чарага катышкан илимпоздор – философия, социология, саясат жана тарых илимдерин изилдөөчүлөр жазуучу, ойчулдун буга чейин жарык көргөн китептери тууралуу ар тараптуу ойлорун ортого салышып, сын-пикирлерин айтышты. Ошондой эле конференциянын соңунда жарыш сөзгө орун берилди. Саясий илимдеринин доктору, профессор М.Шеримкулов, философия илимдеринин доктору, профессор К. ...
29.06.2017
Бүгүн Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан даярдалган, Россияда басылып чыккан “Кыргызы” томдугунун презентациясы болду. Китеп “Народы и культуры” сериясынын алкагында жарык көрдү. Авторлордун айтымында томдукту чыгаруу идеясы 11 жыл мурун пайда болуп, ал 6 жыл дегенде ишке ашырылды. Бет ачаарга илимпоздор, УИАнын илимий кызматкерлери, коомдук ...
28.06.2017