“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы санында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуулары өзүлөрүнүн илимий иштеринин натыйжасын тартуулашат. Окурмандар журналдын “Маалыматтык технологиялар” деген бөлүгүнөн Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун илимпоздору Ж.Шаршеналиевдин жана А.Бакасовдун өзүн-өзү уюштуруучу татаал динамикалуу тутумдарды вектордук башкаруудагы көйгөйлөрүнө байланышкан макалалары менен тааныша алышат. Ал бөлүмгө ...
23.07.2017
“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү. Бул санына биология, геология, филология, экономика, тарых, культурология, маалыматтык технологиялар жана укук тармагындагы илимий-изилдөөлөр жарыяланды. УИАнын Биология жана топурак таануу институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты А.Усупбаевдин макаласында Кыргызстанда (Алай кырка тоосу, Кичи-Алай дарыясынын бассейни) өсүп жаткан өсүмдүктүн ...
21.07.2017
22-24-августта “Экологиялык коопсуздук жана Жибек-Жолундагы айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы Эл аралык симпозиуму өтөт. Симпозиумдун негизги милдети – Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, практиктердин, мамлекеттик ишмерлердин башын бириктирүү жана эл аралык кызматташтыкты жандантуу. Ал эми негизги максаты – илимдеги идеялар менен бөлүшүү, тажрыйба алмашуу, Жибек-Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечеги, ...
20.07.2017
Бул жолку ишембиликте дендропарктын территориясы таштандыдан тазаланды. Андан соң институттун кызматкерлери илимий изилдөөлөр үчүн маалыматтарды чогултууга өттү. “Токойдун маанисин эске алуу менен өзгөчө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу процесстердин алкагында жана дүйнө коомчулугунун токойдун функциясын изилдөөдөгү маселелерге жана кайра калыбына келтирүүгө көңүл буруп баштаганда, анын зарылчылыгын баалап илимий негиздеги токой чарбасын киргизүү ...
19.07.2017