Р.Сыдыкованын “К.Тыныстанов. Чыгармачыл бейне” аталышындагы макаласы жарык көрдү. Аталган макала “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан. Анда кыргыз тилинин изилдөөчүсү жана мамлекеттик ишмер К.Тыныстановдун чыгармачыл жолу сүрөттөлүп, анын илимге кошкон салымы тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле, автор “Жаңыл Мырза” поэмасынын мааниси жана бул чыгарманын адабий талдоосуна кеңири токтолот. ...
25.07.2017
Окурмандар “Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын экинчи санынан гуманитардык илимдер тармагындагы бир катар изилдөөлөр менен тааныша алышат. Андагы Т.Старусеванын макаласында Ч.Айтматовдун көп кырдуу таланты адамзаттын руханий багыты катары каралат. Ал эми Пекин педагогикалык университетинин аспиранты Ван Юе Л.Петрушевскаянын чыгармачылыгынын мисалында лингво маданият таануунун прецеденттик типтеги мифологемдери маселесине кайрылган. ...
24.07.2017
“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы санында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуулары өзүлөрүнүн илимий иштеринин натыйжасын тартуулашат. Окурмандар журналдын “Маалыматтык технологиялар” деген бөлүгүнөн Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун илимпоздору Ж.Шаршеналиевдин жана А.Бакасовдун өзүн-өзү уюштуруучу татаал динамикалуу тутумдарды вектордук башкаруудагы көйгөйлөрүнө байланышкан макалалары менен тааныша алышат. Ал бөлүмгө ...
23.07.2017
“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү. Бул санына биология, геология, филология, экономика, тарых, культурология, маалыматтык технологиялар жана укук тармагындагы илимий-изилдөөлөр жарыяланды. УИАнын Биология жана топурак таануу институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты А.Усупбаевдин макаласында Кыргызстанда (Алай кырка тоосу, Кичи-Алай дарыясынын бассейни) өсүп жаткан өсүмдүктүн ...
21.07.2017